Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Бишкекте тургун 1 млн сомго сатып алган алтын тыйындар жасалма болуп чыккан. Шектүүлөр изделүүдө
10.03.2025 | 15:03
Бишкектин тургунуна жасалма алтын монеталарды саткан деп шектелген эки адам изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 25-февралда Бейшеналиев менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар шаар тургунуна (К.К.) 1 млн сомго жасалма алтын тыйындарды сатып, алдап кетишкен. Алданган жаран милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Милиция учурда шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатканын, аларды көргөн-билгендер болсо, 0707 143 471, 0 700 050 505 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.
Маалымат берген адамдын аты-жөнү жашыруун сакталат.