Бишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттүБишкекте жигиттер мушташып, аларды милиция кармадыКайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мамлекетке кайтарылды — УКМКБыйыл өлкөдө 2,7 миңден ашык өрт кырсыгы катталып, 34 адам каза таптыБишкекте МИКтин үйлөрүнүн ичинде жаңы мектеп филиалы ишке кирди
Бишкекте унаа электр чыгырык менен бараткан өспүрүмдү сүзүп алды (видео)
04.10.2024 | 11:46
Бишкекте жеңил унаа электр чыгырык менен бараткан өспүрүмдү сүзүп алды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, жол кырсык 3-октябрда болжол менен саат 18:00до болгон. «Тойота-Бревис» унаасынын 34 жаштагы айдоочусу Севастопольская көчөсү менен баратып Айтматов менен кесилишкен жерде электр чыгырык тээп бараткан 13 жаштагы өспүрүмдү сүзүп алган. Жол кырсыктын айынан өспүрүм ооруканага түшкөн.
Аталган окуя каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө. Тиешелүү экспретизалар дайындалып, унаа айып короого коюлду.
Иликтөө иштери уланууда, кошумча маалымат кийинчерээк берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом