ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Бишкекте унааны талкалап кирип акча жана тапанча уурдаган адам кармалды
30.07.2019 | 09:32
Бишкекте унаанын эшигин талкалап кирип, акча жана тапанча уурдоого шектелген 35 жаштагы адам кармалды. Шаардык милициядан билдиргендей, шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.
Окуя 29-июнь күнү Жал кичи районундагы мечиттин жанында болгон. Шектүү унаага кирип 3 миң доллар жана газ-травматикалык тапанчаны уррдап кеткен. Бул факты “уурулук” беренеси боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө. Кармалган адам убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар