25-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуНикол Пашинян эгер Арменияны ЖККУдан чыгарышса, буга ыраазы болорун билдирди — толугураакCYBERNOMAD FEST 2026: Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөтБишкектин 9-кичи районунун бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтКытай жана Тажикстан менен чектеш чек арадан сертификаты жок жашылчалар жана көчөттөр артка кайтарылуудаКыргызстан 2026-жылы жалгыз саякаттоо үчүн дүйнөдөгү эң мыкты өлкө деп табылды
Бишкекте унааны талкалап кирип акча жана тапанча уурдаган адам кармалды
30.07.2019 | 09:32
Бишкекте унаанын эшигин талкалап кирип, акча жана тапанча уурдоого шектелген 35 жаштагы адам кармалды. Шаардык милициядан билдиргендей, шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.
Окуя 29-июнь күнү Жал кичи районундагы мечиттин жанында болгон. Шектүү унаага кирип 3 миң доллар жана газ-травматикалык тапанчаны уррдап кеткен. Бул факты “уурулук” беренеси боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө. Кармалган адам убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар