Бишкекте уурулукка шектелип эки жигит кармалды

19.12.2023 | 16:28

Бишкекте эки жаш жигит уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынна билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-ноябрда милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, 12-ноябрга караган түнү саат 03:00 чамасында белгисиз адамдар “Ак-Ордо” конушундагы үйдүн жанынан “КамАз” унаасынын 30 миң сомдук аккумуляторун уурдап кеткен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 21 жаштагы М.Ж. жана 22 жаштагы Ж.А. аттту жарандар кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө амалдары учурунда темир-тезек сатып алган жайдан уурдалган аккумулятор табылып алынган.

Милиция кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугун текшерүүдө.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Scroll to Top