Кандын түсү, “бензин жок” белгиси. Депутат туунун түсүн өзгөртүүнү сунуштайт (видео)

Кандын түсү, “бензин жок” белгиси. Депутат туунун түсүн өзгөртүүнү сунуштайт (видео)

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу мамлекеттик туунун түсү башында туура эмес аныкталганын Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал байрактын авторлорун сынга алды.

«Башында эле туура эмес кылгансыңар, бизди убара кылбай көк асаба, же жашыл түстү кабыл алып койсоңор болмок. Кызыл светофордо токтону көрсөтөт, машинада «бензин жок» деп жанат, СССР 70 жыл кызыл туу менен жашап, акыры кыйкарды. Кандын дагы өңү. Ак илбирс түшүрүлгөн олуттуу желекти кабыл алыш керек эле. Келечектеги муун баары бир анын өңүн өзгөртөт. Манас кызыл туусун согушта, тынчтыкта көк асабаны көтөргөн», — дейт Жусупбек Коргонбай уулу.

Туунун автору Бекбосун Жайчыбеков туунун түсүн легендарлуу парламенттин депутаттары эки түрдүү өңдүн ичинен тандаганын белгиледи.

«Кызыл түстүү желеги бар өлкөлөр өнүгүп эле жатышат. Туу экономикалык көрсөткүчтөргө таасир берип,  себеп боло албайт. Кызыл түстү тууну кыргыз тарыхында, ошол «Манас» эпосунда  бийликтин символу катары көрсөтүлөт», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>