«Дөө Чыңгыздын» өлүмү. Тергөө абагынын жетекчилиги жоопко тартылдыбы?

«Дөө Чыңгыздын» өлүмү. Тергөө абагынын жетекчилиги жоопко тартылдыбы?

«Дөө Чыңгыз» каймана аттуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнөн кийин Бишкектеги Тергөө абагынын жетекчисинин орун басары гана жоопко тартылды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Кемел Садыков билдирди.

Анын айтымында, абактагы адам өлтүрүү окуясынан кийин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» айыбы менен иш козголгон.

«Адам өлтүрүү фактысы боюнча иш сотто каралууда. Кылмыштын алкагында кызмат абалына кыянаттык фактысы менен да иш козголгон. Тергөө абагынын башчысы ал учурда эмгек эргүүсүндө болгондуктан, жооптуу орун басары жоопко тартылган», — деди ал.

Эскерте кетсек, былтыр 30-июль күнү Бишкектеги СИЗО-1 камералардын биринен Чыңгыз Жумагуловдун жансыз денеси табылган.

Андан мурда Чыңгыз Жумагулов кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалган.

Кийинчерээк анын өлүмү боюнча беш адамга айып тагылып, алар Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына киргизилген. Камалгандардын ишине Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен айып тагылып, ага «Өзгөчө мыкаачылык» менен «Топтошуп, алдын ала сүйлөшүп алуу» деген 7, 16-пунктулары кошулган.
Белгилей кетсек, УКМК быйыл октябрь айында Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүн иликтөө иштин алкагында кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо ишин жүргүзүп, операция учурда ал жок кылынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>