БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Бишкекте уурулукка шектүү кармалды (видео)
20.02.2024 | 09:20
Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-январда эртең мененки саат 06:40та шаардагы интернет клубдардын биринен баасы 14 миң сом болгон Hayner кулакчыны уурдалган. Бул окуя боюнча милицияга арыз жазылган.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 37 жаштагы Ж.Э. аттуу жаран кармалды.
Милициянын маалыматы боюнча, кармалгандан кийин шектүү аларга уурдалган кулакчынды өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Учурда анын 6 уурулук фактысына катыштыгы бар экени аныкталган.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0(508)153-555, 0(708)840-808,0(702)842-911 же 102 номерлеринин бирине кабар берүүсүн суранат.
Учурда иликтөө иштери уланууда.