Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Бишкекте үч эм төрөлдү
27.06.2023 | 16:30
Бишкек шаардык перинаталдык борборунда үч эм жарыкка келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 20-июнунда перинаталдык борбордо бир уул жана эки кыз төрөлдү. Биринчи ымыркай 1 кг 400 гр, ал эми кыздар 1 кг 740 гр жана 1 кг 690 гр салмакта төрөлгөн.
“Бул Чүй облусунун 33 жаштагы тургунунун экинчи төрөтү. Төрөт мөөнөтүнөн мурда 33-жумада болгон. Ымыркайлар 3 күн реанимация жана интенсивдүү терапия шартында болуп, абалы турукташкандан кийин 23-июнда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын экинчи этаптагы кам көрүү бөлүмүнө которулган”, – деп айтылат маалыматта.
Учурда үч эм апасынын жанында дарыланууну улантышууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом