Шектүүлөрдү электрондук билерик менен көзөмөлдөө сунушталды

Шектүүлөрдү электрондук билерик менен көзөмөлдөө сунушталды

Бүгүн, 27-июндагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда «Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам  долбоору биринчи окууда каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун юстиция министри Аяз Баетов тааныштырды.

Ал белгилегендей, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине бөгөт коюу чарасынын жаңы түрүн, электрондук жана башка техникалык контролдоо каражаттарын колдонуу аркылуу электрондук байкоо жүргүзүү түрүндөгү бөгөт коюу чарасы катары киргизүү сунушталууда.

 “Мыйзам боюнча үй камагы, сыртка чыкпоо тил каты, күрөө жана камакка алуу бөгөт чаралары бар. Ошого кошумча электрондук көзөмөлдөөнү сунуштап жатабыз. Соттун чечими менен абакта эмес, электрондук билерик киргизүү менен эркиндикте көзөмөлдөйбүз”, — деди министр Аяз Баетов.

Анын айтымында, электрондук байкоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы ыйгарым укуктуу органга айыпталуучунун кыймылын жана тергөө, прокурор, судья жана сот тарабынан белгиленген чектөөлөрдүн сакталышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет, ошондой эле айыпталуучуга өзүнүн ишин жана күнүмдүк жашоосун улантууга мүмкүнчүлүк берет.

Талкууда депутат Динара Ашимова долбоорду ишке ашырууда шектүүлөргө колдонулуучу электрондук билериктерди сатып алууга керектелчү каражаттарды, электрондук көзөмөл жүргүзүү процесстерин тактады.

Депутат Карим Ханджеза мыйзам долбоорун ишке ашыруунун максаттарын жана бул багыттагы эл аралык тажрыйбаларды сурады.

Депутат Талайбек Масабиров кылмышка шектүүлөрдү электрондук көзөмөлдөө кайсыл базада жүргүзүү жана ким тарабынан көзөмөлдөө жактарын сурап, бул багыттагы укук коргоо органдарынын ишин тактады.

Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>