Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйгө жанаша курулган кафелердин биринде бензинге тамак жасашат. Бул тууралуу социалдык тармактарга өрт коопсуздугуна тынчсызданган жаран билдирди.
Ал кафе Фрунзе жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
«Бензин үйдүн капталындагы челектин ичинде сакталат. Өтө коркунучтуу. Мамлекеттик органдар өрт коопсуздугунун одоно бузулушуна кантип көз жумуп жатканын карашсын. Жергиликтүү бийликтегилерге арызданабыз, жыйынтык жок. Свердлов районунун акимчилигине арызданабыз. Эч ким келбейт да. Жардам бергиле” деп жазган.