Бишкекте уурдалган телефондорду Алматыда саткан топ кармалды 

Бишкекте уурдалган телефондорду Алматыда саткан топ кармалды 

Бишкекте уурдалган телефондорду сатуу боюнча эл аралык канал түзгөн уюшкан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 222 (Кылмыштуу кирешелерди адалдоо), 261 (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) жана 205 (Уурдоо) — беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү делгендердин изине түшүшкөн.

Алар уурдалган телефондорду, планшеттерди жана ноутбуктарды чет өлкөдө сатуу боюнча эл аралык канал түзүүгө шектелишкен. Ошол эле учурда алар жеке маалыматтарды, сериялык номерлерди өзгөртүүгө, уюлдук телефондун коддорун өзгөртүүгө, ошондой эле Mi Cloud, iCloud жана Google аккаунтунун кулпусун ачууга адистешкен.

Шаардык милициянын кызматкерлери тарабынан шектүүлөр — О.У., К.Ж., А.А., С.Б., А.К., Б.Д., Б.А., Х.Б., М.У., Б.И. жана Т.Б. лар тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Соттун чечими менен кылмышка шектүүлөр К.Ж., А.А., С.Б., А.К., Б.Д. жана Х.Б. баш коргоо чарасы – Бишкектин СИЗО-1ге камоо менен камакка алуу, калгандарына баш коргоо чарасы – үй камагына алуу тандалды.

Шектүүлөрдүн жашаган жеринде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1700дөн ашык уюлдук телефон, 7 ноутбук жана 5 планшет табылып, алынган. Ошол эле учурда Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери Алматы шаарынын ИИБдеги кесиптештери менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжада казакстандык милиция кызматкерлери тарабынан эки шектүү П.А. жана Б.А. Алматынын аймагынан Кыргызстандын аймагында уурдалган уюлдук телефондору табылып, алынган, кийинчерээк 46 уюлдук телефон Бишкек ШИИБге өткөрүлүп берилген.

Буга чейин телефондордун айрымдары чыныгы ээлерине кайтарылып берилип, алар борбор калаанын милиция кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришкен.Учурда кылмышка шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>