БУУ: Ооган аялдары өз укуктарынан дээрлик кол жууп калды

БУУ: Ооган аялдары өз укуктарынан дээрлик кол жууп калды

БУУнун баяндамасына ылайык, коркунуч астында турган Ооганстанда аялдардын укуктары дээрлик жокко эсе. Талибан бул жаатта жыйырма жылдык прогрессти бир жылга жетпеген убакытта артка кайтара алды.

Көчөлөрдө аялдар беттерин жаап жүрүшөт, алар эркектин коштоосуусуз узак жолго чыга алышпайт. Талибан бийликке келгенден бери көбү жумушсуз калды.
Ооганстан кыздардын орто мектепке баруусуна тыюу салынган дүйнөдөгү жападан жалгыз өлкө. Аялдарга бир нече кесипти кошпогондо үйдөн тышкары иштөөгө тыюу салынат.

Жаңы бийлик тарабынан белгиленген эрежелерди бузгандар, ошондой эле алардын жакындары өлүм жазасына чейин жазага тартылышат.

Натыйжада, БУУнун маалыматы боюнча, ооган аялдары адам укуктарынан, жада калса эң негизги укуктарынан да пайдалана алышпайт. Тамак-ашка жана медициналык жардамга жетүү жалпысынан бардык оогандыктар үчүн олуттуу чектелген. Талибдердин өкмөтү дүйнөнүн бир дагы өлкөсү тарабынан мыйзамдуу деп тааныла электигинин себептеринин бири ушул.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>