Бишкекте «Үмүт» жаш киночулардын XII форуму өтөт (дареги, программасы)

Бишкекте «Үмүт» жаш киночулардын XII форуму өтөт (дареги, программасы)

11-14-апрелде Бишкек шаарында «Үмүт» жаш киночулардын XII форуму өтөт.

Форум Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин, ошондой эле КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосу менен өткөрүлүүдө. Анын максаты — жаш киноматографтардын чыгармачылыгын колдоо жана кесиптик өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзүү.

Форумда бул жылы даректүү тасма жана оператордук чеберчиликке өзгөчө көңүл бурулат. Алгачкы жолу көркөм тасмалар менен биргеликте даректүү тасмалар үчүн өзүнчө питчинг уюштурулат. Ошондой эле жаш даректүү киночулардын чыгармаларынан турган “Жаш казак киносу” программасын сунушталат.

Мындан тышкары эксперттердин катышуусундагы “Даректүү тасма: өнүгүүнүн багыттары жана келечеги” аттуу панелдик талкуулоо болушу күтүлөт.

Форумдун алкагында “Ололо-Юрт” коворкинг борборунда Борбор Азияга белгилүү операторлук иш боюнча чеберлер – Хасан Кыдыралиев жана Азиз Жамбакиевдердин мастер-классы уюштурулат. Ошондой эле кино таануучу Султан Усувалиевдин даректүү тасма боюнча лекциясы жана продюсер-режиссёр Юлия Шагинурованын питчингге карата кинодолбоорду даярдоого арналган мастер-классы болот.

Кинофестиваль «Ала-Тоо» кинотеатрында режиссёр Темирбек Бирназаровдун «Ыйлаба, керик!» тасмасын көрсөтүү менен башталат.

Форумдун иш-чаралары өтө турган даректер:

  • Ч. Айтматов атындагы кино үйү;
  • «Ололо-Юрт» коворкинг борборунда.

Форумдун бардык иш-чараларына кирүү акысыз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>