Бишкекте жүк ташыган унаа бетон мамыны сүзүп, айдоочусу мүрт кетти

Бишкекте жүк ташыган унаа бетон мамыны сүзүп, айдоочусу мүрт кетти

Бишкекте жүк ташыган автоунаа элетр мамысын сүзүп, бир адам каза болуп, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 5-ноябрда Бишкек шаарынын Шабдан баатыр көчөсүндө болгон. Анда Мерседес-Бенц-Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып электр мамысын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 18 жаштагы айдоочу ошол жерде көз жумган. Жанында бара жаткан 19 жаштагы жигит жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Окуя болгон жерге барган ӨКМнын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин автоунаадан чыгарып, милицияга, жаракат алган адамды “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.

[su_image_carousel source=»media: 47153,47154″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>