Бишкекте Жүрөк күнүнө карата экинчи веложүрүш өтөт

Бишкекте Жүрөк күнүнө карата экинчи веложүрүш өтөт

Бишкекте 27-сентябрда  Жүрөк күнүнө карата экинчи веложүрүш өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Биз биринчи веложүрүштө жүргөндөй эле, жаңы «Адинай» паркынын түндүк тарабынан, Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Токомбаев көчөсүнө көтөрүлүп, ал жерден чыгышка Токомбаев жана Нуркамал Жетикашаева көчөлөрүнүн кесилишине бет алып, «Адинай» паркына кайтабыз», — дешти мэриядан.

Айланма жолдун узундугу 10 чакырым болот.

Шаардыктардын коопсуздугу үчүн велосипед колоннасынын ичинде 1,5-2 метр аралык байкалат, велосипедчендерди МАИнин үч жана эки тез жардам унаасы коштойт.

Велосипедчендер туулга жана башка коргоочу шаймандарды кийиши керек, аларсыз жүргүнчүлөр өтүүчү жолго чыгууга тыюу салынат. Ошондой эле, бет кап жана антисептиктер унутпоо керек.

Жолугушуу жери — М.Гшлиссера көчөсү, «Адинай» паркынын түндүк тарабындагы унаа токтоочу жай. Веложүрүш саат 09: 00дө башталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>