Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Бишкектеги мал базарлар курулуп жаткан жаңы базарга көчүрүлөт
02.09.2025 | 17:47

Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Юбилейная көчөсү менен Түндүк айланма жолдун кесилишинде жаңы мал базардын курулушу аяктап жатат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, базардын аянты 4 гектарды түзөт. Ал 1 миң 500 бодо малды жана 6 миң майда малды кармоого ылайыкталган.
Учурда аталган аймакта чарбалык сарайлар тургузулуп, аянты 360 чарчы метр болгон заманбап ашкана жана мал союучу жайды куруу иштери жүрүүдө.
Жаңы базардын ачылышы 6-сентябрга белгиленген.
“Бүгүнкү күндөн баштап мал базардын сатуучулары жайгашып, акырындык менен жаңы аймакка көчүп келе алышат. Учурда Пригородный базары толугу менен көчүп, «Жантай», «Эски толчок», «Расул-Ата» жана башка базарларды көчүрүү иштери уланууда”,- деп билдирди мэрия.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом