Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Бишкекте жапон киносунун фестивалы өтөт
23.09.2025 | 14:40

27-сентябрдан 5-октябрга чейин Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан Жапон киносунун фестивалы өтөт. Бул тууралуу аталган элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, фестиваль жыл сайын өтүүчү «JAPAN MONTH» жапон маданияты менен таанышуу программасынын алкагында уюштурулууда.
Фестивалда жаңы чыккан сегиз жапон фильми жапон тилинде орусча субтитр менен көрсөтүлөт. Фильмдер эки күн бою Кыргыз улуттук тарых музейинин кинозалында көрсөтүлөт. Мындан тышкары Бишкектеги үч университетте алдын ала көрсөтүүлөр өтөт. Көрсөтүүлөргө кирүү акысыз.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом