Жаан жаап, күн күркүрөйт: 25-сентябрга карата аба ырайынын божомолуБишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгыштыСуучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль уттуБишкекте 25-сентябрдан тартып №43 автобустун каттамы өзгөрөт
Кыргызстанда 24-25-сентябрда үшүк жүрүшү күтүлөт
23.09.2025 | 14:55
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 24-25-сентябрда Кыргызстанда үшүк жүрүшү мүмкүн экенин кабарлады.
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде аба ырайы 0…-2°ка чейин төмөндөйт.
Мындай аба ырайы мөмө-жемиштерге, жашылчаларга, казылып алынган жана жабылбаган картошка менен кант кызылчасына коркунуч жаратат.
Адистер дыйканчылык талааларындагы түшүмдү үшүккө чейин жылуу жайда сактоону жана үшүк өткөндөн кийин жыйноону сунушташат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом