Абанын температурасы 22°Cге чейин жетет: 4-ноябрга карата аба ырайынан божомолуКыргызстанда 95 млн долларга калдыктарды кайра иштетүүчү комплекс куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев Бишкектин Чыгыш айланма жолунун курулушун текшердиКыргызстан Кытайдын литий гиганты Ganfeng Lithium менен кызматташуу меморандумуна кол койдуКыргызстандын Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Кореяда «акылдуу» дыйканчылык боюнча окуудан өтүштү«ВКонтакте» Кыргызстанда салык төлөй баштады
Бишкекте жапон киносунун фестивалы өтөт
23.09.2025 | 14:40

27-сентябрдан 5-октябрга чейин Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан Жапон киносунун фестивалы өтөт. Бул тууралуу аталган элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, фестиваль жыл сайын өтүүчү «JAPAN MONTH» жапон маданияты менен таанышуу программасынын алкагында уюштурулууда.
Фестивалда жаңы чыккан сегиз жапон фильми жапон тилинде орусча субтитр менен көрсөтүлөт. Фильмдер эки күн бою Кыргыз улуттук тарых музейинин кинозалында көрсөтүлөт. Мындан тышкары Бишкектеги үч университетте алдын ала көрсөтүүлөр өтөт. Көрсөтүүлөргө кирүү акысыз.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом