Бишкектеги Тез жардам ооруканасын жана №9 ҮМБны капиталдык оңдоого 182 млн сом бөлүндүЖаан, кар жаайт: 5-мартка карата аба ырайыБыйыл Бишкекке 2 млн бир жылдык гүл отургузулатМурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирди
Бишкекте жаранды 691 миң сомго алдап кеткен шектүү кармалды
26.05.2023 | 17:07
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-майда милицияга Ж.А. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, И. аттуу жаран ишенимине кирип, баасы 691 миң сомдук унду алып, “саткандан кийин акчасын берем” деп алдап кеткен.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 33 жаштагы И.Р. аттуу жаран кармалып, райондук соттун чечими менен ал 11-июнга чейин камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз