Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда футболдук турнир өтөт

Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда футболдук турнир өтөт

Бишкекте 27-28-майда президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен салтка айланып калган кезектеги «Мурас» футболдук турнири өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, күн мурун мелдешке катыша турган 16 команданын ортосунда чүчү кулак тартуу иш-чарасы өткөн.

Ага ылайык, тайпалар төмөнкүдөй аныкталган:

А тайпасы: “Президенттин командасы”, “Фемида”, “Ыйман”, “Алга”;
В тайпасы: “Спорттук федерациялар”, “Жогорку Кеңеш”, “Ден соолук”, “Аймактар”;
С тайпасы: “Коопсуздук”, “Бизнес”, “Спорт жылдыздары”, “Билим”;
D тайпасы: “Достук”, “Өнөр”, “Курултай”, “Журналисттер”.

Оюндар мурункудай эле эки локацияда: “Газпром — балдарга” ден соолук чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы Спорт сарайында (C жана D тайпалары) өтөт.

Оюндар УТРКнын (А жана В тайпалары) жана ЭлТРдин (C жана D тайпалары) түз эфиринен көрсөтүлөт. Башталышы саат 10:00.

Турнирди көрүүнү каалагандардын баарына эшик ачык.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>