Ысык-Көлдө эртең экоакция өтөт

Ысык-Көлдө эртең экоакция өтөт

Эртең, 27-майда Ысык-Көл облусунда  «Таза Ысык-Көл» аттуу масштабдуу экологиялык акция өтөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага мамлекеттик органдардын кызматкерлери, экоактивисттер, эл аралык уюмдардын өкулдөрү жана бизнес-коомчулук катышат.

Акция жыл сайын 5-июнда өтө турган бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнүн 50 жылдыгына арналат. Бул жылы аталган эл аралык күн желимден (пластик) булгануу көйгөйүн чечүүгө арналган. Акция ошондой эле президенттин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында жайкы туристтик сезон башталаар алдында өткөрүлүп жатат.

Иш-чара Ысык-Көлдүн желим калдыктар менен булганышына жана көлдүн биосфералык аймагынын экосистемасын сактоо зарылдыгына коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>