8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалдыЕӨБ Кыргызстандагы «жашыл» жана энергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымдадыПрезидент жол эрежесин бузгандардан жеринде тест алуу боюнча мыйзам долбоорду эмнеге артка чакыртканын түшүндүрдүЖайылда жубайын жана уулун сабаган деп шектелип, 35 жаштагы жаран кармалды
Бишкекте жаранды тапанча менен коркуткандар кармалды
20.02.2020 | 12:31
Бишкекте жаранды тапанча менен атып салам деп коркуткан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы кабарлайт.
Милиция кызматкерлери “102” кызматына түшкөн билдирүудөн кийин Калинин жана Көлбаев көчөлөрүнүн кесилишине барышкан.
Айтылган даректе мас абалындагы эки адам 19 жаштагы жигитти тапанча менен атып салам деп коркутушканы аныкталган.
Бул кылмышка шектүү катары 31 жана 28 жаштагы эки жаран кармалып, текшерүү учурунда алардын биринен «пневматикалык» тапанча табылган.
Учурда иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө башталган.
[su_image_carousel source=”media: 21224,21225,21226″ crop=”none” autoplay=”4″]
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар