Бишкекте жаранды тапанча менен коркуткандар кармалды

Бишкекте жаранды тапанча менен коркуткандар кармалды

Бишкекте жаранды тапанча менен атып салам деп коркуткан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы кабарлайт.

Милиция кызматкерлери “102” кызматына түшкөн билдирүудөн кийин Калинин жана Көлбаев көчөлөрүнүн кесилишине барышкан.

Айтылган даректе мас абалындагы эки адам 19 жаштагы жигитти тапанча менен  атып салам деп коркутушканы аныкталган.

Бул кылмышка шектүү катары 31 жана 28 жаштагы эки жаран кармалып, текшерүү учурунда алардын биринен  «пневматикалык»  тапанча табылган.

Учурда иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө башталган.

[su_image_carousel source=”media: 21224,21225,21226″ crop=”none” autoplay=”4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>