Кыргызстандын ТИМи Ирандагы элчилигинин ишин убактылуу токтоттуУКМК: Токмокто уюшкан кылмыштуу топко таандык курал-жарактар сакталган жай табылды31-март: Өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаайт«Баатыр эне» энелеринин балдарына окуу боюнча жеңилдиктер. ЖК комитети мыйзам долбоорун жактырды«Кыргызстанга жыл бою иштөөчү туризм керек». Сергей Глуховеров — сезон, жаңы каттамдар жана тармактын келечеги тууралууКР Коопсуздук кеңешинин катчысы жана Венгриянын премьеринин кеңешчиси глобалдык коопсуздук маселелери боюнча позицияларын такташты
Бишкекте жогорку окуу жайдын мугалими аялын сабаганы үчүн камалды
11.12.2025 | 12:10

Бишкекте жогорку окуу жайдын мугалими үй-бүлөлүк зомбулук фактысы менен камалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ИББ кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-декабрга, караган түнү саат 00:25 чамасында «102» кызматына 11-микрорайондо зомбулук көрсөтүлгөнү билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге дароо милиция кызматкерлери барып, 37 жаштагы эркек киши жубайын сөгүп, кол көтөргөнү тастыкталган.
Эркек киши Тергөө кызматына жеткирилген. Ага Укук бузуулар жөнүндө кодексинин «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча административдик протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Милициянын маалыматында, кармалган жаран Ж.Т. борбордогу жогорку окуу жайларынын биринде окутуучу болуп эмгектенет.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар