Бишкекте жол белгилерин уурдаган өспүрүмдөр кармалды

Бишкекте жол белгилерин уурдаган өспүрүмдөр кармалды

Бишкек шаарында жол белгилерин уурдоого айыпталган адам кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-апрелде саат 21:45тер чамасында милицияга көчөлөрдүн биринде жол белгилерин уурдап жатат деген маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, шектүү катары 2005-жылы туулган Д.Н. жана 2004-жылы туулган Б.А., ошондой эле 2005-жылы туулган О.М. аттуу адамдарды кармаган.

Алар милиция бөлүмүнө жеткирилип, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>