1-класска электрондук каттоо боюнча телефон номурлар 5 күн иштебейт

1-класска электрондук каттоо боюнча телефон номурлар 5 күн иштебейт

1-класска электрондук каттоо боюнча чалуу борбору 1-майдан 5-майга чейин иштебейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

29-апрелге карата 59 миң 80 бала 1-класска катталды.

Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:

Ысык- Көл облусу: 5547 (жалпы квота – 13 миң 821)

Жалал-Абад облусу: 11443 (жалпы квота – 34 миң 778)

Нарын облусу: 3709 (жалпы квота – 7 миң 741)

Баткен облусу: 6979 (жалпы квота – 16 миң 190)

Ош облусу: 11550 (жалпы квота – 35 миң 785)

Талас облусу: 3257 (жалпы квота – 6 миң 957)

Чүй облусу: 8839 (жалпы квота – 31 миң 474)

Бишкек шаары: 5957 (жалпы квота – 17 миң 908)

Ош шаары: 1799 (жалпы квота – 11 миң 233)

Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:

1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.

2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.

5. №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>