Бишкекте жөө жүргүнчүнү жол тандабас өлтүрө сүздү — видео

Бишкекте жөө жүргүнчүнү жол тандабас өлтүрө сүздү — видео

Бишкектин Ч.Айтматов көчөсүндө кечээ, 23-мартта саат 22:20лар чамасында «Тойота Ландкрузер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 65-70 жаштагы жөө жүргүнчү жолго чыга калып, кырсыкка кабылган. Ал окуя болгон жерден каза тапкан.

Учурда унаа айып аянтчасына токтотулган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуянын себептери аныкталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>