Бишкектеги башаламандыкта жабыркагандардын саны 41ге жетти

Бишкектеги башаламандыкта жабыркагандардын саны 41ге жетти

17-майдан 18-майга караган түнү Бишкектеги башаламандык учурунда 41 жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Алардын 11и ооруканада дарыланууда.

Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап жатат. Алардын бирине жабык баш мээ жаракаты диагнозу коюлган. Экинчи жабырлануучунун жамбаш сөөгү сынган. Бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда.

Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүндө бир жабырлануучу дарылануусун улантууда, абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Дагы 8 чет элдик жаран Эл аралык медициналык университеттин клиникасына жаткырылган. Экөөнө мурун сөөктөрү сынган деген диагноз коюлса, калгандарында жабык баш мээ жаракаттары, ооруксунуу болгон. Алардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

Пакистан Кыргызстандагы студенттерине дагы 2 учак жөнөтөт

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>