Бишкектеги мушташ. Милиция кармаган Египеттин 4 жараны үй камагына чыкты

Бишкектеги мушташ. Милиция кармаган Египеттин 4 жараны үй камагына чыкты

Бишкекте милиция «бейбаштыкка» шектеп кармаган Египеттин 4 жараны үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты Бишкек шаардык соту ырастады.

Алардын бөгөт чарасы 19-майда Свердлов райондук милициясында каралып, кармалгандар 17-июлга чейин үй камагына чыгарылган.

Милициянын маалыматы боюнча, 13-майга караган түнү Чыгыш-5 кичирайонудагы тамактануучу жайдын жарында белгисиз адамдардын тобу египеттик студенттерди тосуп алып, аларга тийише баштаган. Алардын бирөө египеттиктерге кол көтөрө баштаганда, чет элдиктер качып кетип, Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатаканага жетүүгө үлгүргөн. Алардын артынан түшкөн топ бала чет элдиктердин жатаканасына чейин кирип барган. Андан кийин ал жакта жашаган бир нече чет элдиктин акчаларын жана буюмдарын тартып алган.

Топ боп ар кайсы бөлмөлөрдүн эшиктерин тээп, кыздар жашаган бөлмөлөргө киргенде жатаканада жашаган чет элдик жарандар чогулуп, келгендерди кетиргенге аракет кылып, ортодо мушташ чыккан. Мушташ жатакананын короосунда болуп, келгендер бирөөсүн таштап качып кетишкен. Жатаканада жашаган чет элдиктер тез жардам чакырып, калып калып таяк жеген жаранды тез жардам унаасы менен ооруканага жөнөтүшкөн.

Тез жардам менен жөнөтүлгөн бала ооруканага келгенде аты-жөнүн башкача атап, окуя тууралуу үн каткан эмес. Жардам алгандан кийин ооруканадан кетип калган.

«Окуялардын хронологиясы, болгон бардык жагдайлар, белгисиз адамдардын тобу чет өлкөлүк жарандарды кантип куугунтукташканы, жатаканага киришкени жана эки тараптын катышуусу менен болгон мушташ тышкы көзөмөл видеокамерасында жазылып калган», — деп белгилейт ИИМ.

Бул окуядан кийин Египеттин 4 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Аларга «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле окуя боюнча Египеттин үч жараны милицияга арыз жазган: Бири ур-токмок жегени, экинчиси 1 миң 250 долларын, Iphone 15 Pro Max телефонун тартырып койгону, үчүнчү 1 миң 550 долларын алдырып койгонун билдирген.

Алардын арызынын негизинде «тоноо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Чет элдиктерге кол салган 4 адамдын экөөсүнүн өздүгү аныкталып, 2006-жылы туулган Нурсултан Мукаев жана Тилек Шерматов аттуу жарандар издөөгө алынган. Алар Кемин районунун тургундары болушат.

Жатаканын короосунда 13-майда болгон мушташтын видеосу 17-майда соцтармактарга тарап, анда чет элдиктер менен жергиликтүү тургундар мушташканы тууралуу айтылган. Бирок окуянын чоо-жайы айтылган эмес. Ал видео коомчулукта ренонанс жаратып, 17-май күнү кечинде жүздөгөн жарандар нааразычылыгын билдирип, мушташ болгон жатакана жакка жыйналган. Соцтармактарда 13-майда болгон окуя тууралуу туура эмес маалыматтар чыгып кеткендиктен, нааразылыгын билдирип чыккан жарандардын бир бөлүгү 18-майга караган түнү индиялык, пакистандык студенттер жашаган жатаканаларга барып, аларды ур-токмокко алган. Бул окуядан соң 41 чет элдик медициналык жардам үчүн ооруканаларга кайрылган. Учурда жабыркагандардын 11и бейтапканадарда жатат. Алардын арасында баш мээси чайкалган, жаагы жана жамбаш сөөгү сынгандар бар.

18-майга караган түнү болгон башалмандыктан кийин Кыргызстанда билим алган, иштеп жаткан студенттер мекенине кайта баштады.

Милиция коомдук тартипти кароо үчүн күчөтүлгөн тартипте иштеп, түнкүсүн күзөт жүргүзүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>