Бишкектеги бир нече көчөдө асфальт жаңыртылат. Жабыла турган көчөлөрдүн тизмеси

Бишкектеги бир нече көчөдө асфальт жаңыртылат. Жабыла турган көчөлөрдүн тизмеси

Бишкекте жолдорго жаңыдан асфальт төшөлүп, оңдоо иштери жүрө тургандыктан бир катар башкы көчө жабылат. Бул туураруу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мэрия Байтик баатыр көчөсүн А. Токомбаевден Жибек Жолу көчөсүнө чейин жана И. Ахунбаев көчөсүн Манас проспектисинен баштап Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин оңдоп-түзөөнүү пландоодо. Бул иштер баскыч-баскыч менен жасалат. Ага ылайык 18-майдан тарта Байтик баатыр көчөсү А.Токомбаевден Сүйөркулов көчөсүнө чейин жана И. Ахунбаев көчөсү Манастан Токтоналиев көчөсүнө чейин жабылат. Жолдун бул бөлүктөрүндө асфальт алмаштырылгандан кийин калган тилкелери жасалат. Аталган эки көчөдөгү капиталдык оңдоо иштери 2001-2003-жылы жүргүзүлгөн.

Андан тышкары дагы 4 көчөдө асфальт алмаштырылып, жолдор кеңейтилет. Алар да жакынкы мезгилде оңдоо иштерине жабылат:

Тизме:

— Чүй проспектиси Манас проспектисинен Т. Айтматов көчөсүнө чейин;
— М. Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин;
— Б. Юнусалиев көчөсү Сухе-Батор көчөсүнөн М. Горький көчөсүнө чейин;
— Жибек-Жолу проспектиси Курманжан Датка көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>