Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат
Бишкектеги Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
04.09.2025 | 20:13

Бишкек шаарында Фучик көчөсүнүн батыш тарабы убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 6-сентябрынан тарта Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки тилкеде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Жабылган тилкенин чыгыш тарабында эки багыттуу кыймыл уюштурулат.
Мэрия шаар тургундарын жана калаанын конокторун жаралган кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, жол тыгындарын азайтуу максатында коомдук транспортту пайдаланууну сунуштады.
Рубрики: Жаңылыктар