Бишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуЖогорку Кеңештин төрагасы Бишкекте өтө турган тоо саммитине япон делегациясын чакырдыAsman Airlines жана «Кыргызстан аэропорттору» Routes World форумунда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү24-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан жана кар жаашы күтүлөтНарында биринчи жолу кан тамырларды изилдеген ангиограф аппараты ишке киретКРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып берди
Президенттин администрациясы: Элчиликтер үчүн имараттар, дипломаттар үчүн батирлер сатып алынды
04.09.2025 | 21:30

Кыргызстандыр президентинин администрациясы соңку жылдары чет өлкөлөрдө Кыргызстанга тиешелүү имараттар менен кызматтык батирлер сатып алынганын маалымдады.
Ага ылайык:
- Франция, Венгрия жана Түштүк Кореяда элчиликтер үчүн имараттар алынган;
- Германия жана Канадада — төрттөн кызматтык батир;
- Нью-Йоркто БУУдагы туруктуу өкүлчүлүк үчүн төрт батир жана өкүлдүн резиденциясы;
- Россиянын Новосибирск шаарында — Кыргызстандын башкы консулдугу үчүн бир батир сатып алынган.
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов белгилегендей, буга чейин чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөр кеңселер менен батирлерди ижарага алып келген.
“Мисалы, элчиликтер ижара үчүн айына орточо 2500–4500 доллар, Европада кеңсе ижарасы 5000–6500 еврого чейин жетчү. Эми мамлекет ижарага акча коротпойт. Менчиктеги имараттарга сарпталган каражат бир нече жылда эле өзүн актап коет”, — деп жазган Алагөзов.
Рубрики: Жаңылыктар