Бишкектеги ири өрт бир күндөн кийин толук өчүрүлдү — фото, видео

Бишкектеги ири өрт бир күндөн кийин толук өчүрүлдү — фото, видео

Бишкектин Жибек-Жолу жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде чыккан ири өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган жайдагы унаа майын сактоочу кампа жана жанаша жайгашкан турак үйлөрдөн өрт чыккан.

“Тилсиз жоо жалпы 2600 миң чарчы метрди жалмаган.  Жабыр тарткан жана каза болгондор жок. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда”, — деп жазылат маалыматта.

Өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм, ИИМден 4 унаа 115 кызматкер,  үч суу ташуучу унаа, ү бригада жана тез жардам кызматынан эки бригада тартылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>