Бишкектеги ишкерлердин чыры. Кол салган адам өзү каза болду

Бишкектеги ишкерлердин чыры. Кол салган адам өзү каза болду

ИИМ Бишкекте адам өлүмү менен коштолгон окуя тууралуу маалымат таратты.

Министрликтин маалыматы боюнча, М.Ы. жана Ж.Н. аттуу жарандардын ортосунда акча-мүлк боюнча талаш-тартышы болгон (жергиликтүү басылмалар М.Ы. – бокс боюнча эл аралык калыс Мукаш Ырсалиев, ал эми Ж.Н. Кыргызстандын бокс боюнча курамасынын улук машыктыруучусу Жылдызбек Ниязалиев экенин жазууда). 10-октябрда Ырсалиев Ниязалиев жана Э.С. иштеген 7-кичирайондогу машыгуу залына келип, өз дооматтарын айткан. Андан кийин өзү менен ала келген мылтыгы менен Ниязалиевди ичке, Э.С.ны бутка аткан. Ошол учурда Э.С. менен Ырсалиев кармаша кеткен. Кармаш учурунда кокусунан мылтык атылып кетип, ок Ырсалиевдин башына тийип, ал ошол жерде эле көз жумган.

Ок жеген Ниязалиев менен Э.С. ооруканага түшкөн.

Аталган факт боюнча милиция «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козгоду.

Учурда милиция окуянын бардык чоо-жайын аныктоо үчүн иликтөө иштерин улантууда.

Белгилүү болгондой, Ниязалиев менен Ырсалиевдин ортосундагы чыр «Дордой» тараптагы «Береке» базарындагы 8,5 сотых жер үчүн болгон. УКМКнын маалыматы боюнча, Ниязалиев 2010-жылы насыя алып, аталган жерди сатып алган. Быйыл жай айларында ал базардагы жерин Ырсалиев тартып алганын айтып чыккан. Анын кайрылуусунан кийин июль айында УКМК Мукаш Ырсалиевди кармаган. Бирок жакында эле 4-октябрда ал камактан чыккан.

Кылмыштуу топко базарын алдырган ишкер, насыя төлөй албай үй-жайсыз калган

Тэги: Бишкек ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>