Бишкектеги каналдардын үстүнө имарат, жол, астына метро куруу сунушталды

Бишкектеги каналдардын үстүнө имарат, жол, астына метро куруу сунушталды

Бишкектеги каналдардын үстүнө имарат, жол,  астына метро курса болот. Бул боюнча долбоорду Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров сунуштады.

Анын айтымында, долбоорду Расул Калмурзаев аттуу жаран иштеп чыккан. Ага ылайык Бишкектеги Ала-Арча, Аламүдүн дарыясы жана Чоң Чүй каналынын үстүнө көп кабаттуу үйлөр же жол салынат. Анын астына метро салынып, ортодо дарыя ага берет.

Элдар Абакиров Бишкек жол тыгын маселесин чечип башташы керектигин айтты.

«Азыр Бишкекте күнүмдүк жүргүнчүлөрдүн агымы 700 миңге жетиптир. Ташкенттеги метро учурда күнүнө 400 миң кишини ташыйт. Биз дагы метро курушубуз керек. Бирок аны албетте 5-10 жыл курабыз. Расул Калмурзаевдин долбоорун колдонуп, дарыяларды колдонсок болот», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>