КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
1-июлдан тарта соодага патент берилбейт. Жапаров ишкерлер менен жолугушту
06.06.2024 | 19:00
Бүгүн президент Садыр Жапаров ишкерлер менен жолугушту. Ага базардын кожоюндары дагы катышты.
Ишкерлер соода тармагы көзөмөл-кассалык машиналарды колдонууга даярдыгын айтты.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов электрондук коштомо кагаздарды колдонбоо үчүн айып пул салуу 2025-жылдын 1-январына чейин токтотулганын кабарлады.
Белгилей кетсек, 1-июлдан тарта чакан жана орто бизнес ККМ-аппараттарды колдонууга жана салык төлөөнүн жаңы режимине өтөт. Соода тармагында патент менен иштөө жоюлат. Учурда базарларда иштегендер жеке ишкер катары катталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом