Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн абалы туруктуу. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынан билдиришти.
Алсак, «Электр станциялары» ААКнын филиалы – Бишкекжылуулуктармагы борбордун 66% ын жылуулук менен камсыз кылат. Саат 17:00гө карата көп кабаттуу үйлөрдө +17ден +22ге чейин жылуулук сакталып турат.
Борбордун түштүк-батышын «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы тейлейт. Бардык отканалар кадимки режимде иштеп жатат.
Эскерте кетсек, 1-февралдан 2-февралга караган түнү Бишкек жылуулук электр борборунда жарылуу болгон.
Урматтуу шаардыктар! Жылуулук менен камсыздоо маселелери боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Call-борборуна кайрылууңуздарды суранабыз. Сиз күнү-түнү 1840 жана 1850 телефон номерлерине чалып, 0554-182-185 номери боюнча көйгөйлөрү бар сүрөттөрдү жөнөтө аласыз.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз