Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Бишкектеги таштанды кайра иштетүүчү завод 49 миң тонна калдыкты иштетип чыкты
22.01.2026 | 13:26
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Кабар» агенттигине берген маегинде, шаардык таштанды кайра иштетүүчү завод буга чейин 49 миң тонна катуу тиричилик калдыктарын зыянсыздандырганын (утилизациялаганын) билдирди. Калаа башчысы ишкананын ишке кириши акыркы убактагы маанилүү жетишкендиктердин бири болгонун белгиледи.
Завод толугу менен долбоорго 95 миллион доллар жумшаган жеке инвестордун эсебинен курулган. Ишкананы пайдалануу чогулган таштандынын көлөмүн кыскартууга гана эмес, көп жылдан бери сакталып келген көйгөй — санитардык полигондун түтөшүн азайтууга да мүмкүндүк берет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом