Стамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөтОш шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыӨзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаганЫсык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү21-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программа)
Бишкектеги жылуулук электр борборун түрк компаниясы курат
02.08.2024 | 12:59
«Бишкексельмаш» жылуулук электр борборун түрк компаниясы курат. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
Бүгүн түркиялык “Алтай Энержи” компаниясы менен инвестициялык макулдашууга кол койду.
Жылуулук кубаттуулугу 240 МВт жана электр кубаттуулугу 100 болгон борбордун курулушуна катышкандардын 50%ын кыргыз жарандары түзөт.
Бишкек мэриясы инвестициялык келишимдин баасын ачыктаган жок.
“Алтай Энержи” 1989-жылдан бери электромонтаждоо жаатында иш алып барат.
Буга чейин «Бишкексельмаштын» аймагында кичи ЖЭБ курулары айтылган. Анын кубаттуулугу 150 МВт болот. Курулушка 147 миллион доллар талап кылынары кабарланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом