30-сентябрь: өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйтШакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойт
12 млрд сум зыян келтирген. Издөөдө жүргөн өзбекстандык Кыргызстандан кармалды
02.08.2024 | 12:12
УКМКнын кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн Өзбекстандын жаранын кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Кармалган С.И. аттуу жаран 32 жашта. Ал өзүнүн шериктери менен жасалма бажы жүк декларацияларын жасап, Өзбекстандын бюджетине 12 млрд сумдан ашык (955 миң долларга жакын) зыян келтирген деп шектелүүдө.
Соттун чечими менен ал тергөө абагына камакка алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
