Бишкектик блогер Санэпидкөзөмөлдүн жетекчиси кылууну талап кылды – видео

Бишкектик блогер Санэпидкөзөмөлдүн жетекчиси кылууну талап кылды – видео

Бишкектик блогер Эрулан Кокулов мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси кылып дайындоону талап кылды. Бул тууралуу блогер өзү Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасады. 

Ал кайрылуусунда аталган түзүм өзүнүн түз милдеттерин аткарбай жаткандыгын, эгер ага жетекчиликти беришсе, 3 айда жыйынтык берүүнү убада кылган. 

Эрулан Кокулов ютубдагы “Не сахар” берүүсү менен элге таанылган. Анда ал дүкөндөрдөгү, соода борборлорундагы, тамактануучу жайлардагы санитардык талаптарды сактабаган учурларды ачыктап, берүү даярдап келет. 

Ошондой эле 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо “Реформа” партиясынан сегизинчи болуп талапкер катары катышкан.     

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>