Ишеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгиленди
Бишкектин айрым жерлеринде 18-мартта суу өчүрүлөт
14.03.2025 | 16:26
Бишкектин айрым жерлеринде 18-мартта таза суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Өчүрүү саат 10:00дөн 19:00гө чейин төмөнкү даректерде болот:
- Ч.Айтматов проспектиси №93/1, 93/2, 93/3, 93/4, 93/5, 93/6;
- Токтонолиев көчөсү №139/3, 157, 153, 153/3, 155;
- Т. Океев көчөсү №39/3, 39/4, 39/6, 39/7, 39/8.
Мындан тышкары, Түштүк Чоң Чүй каналы – Куйручук – Чыгыш Чоң Чүй каналы– Молдокулов көчөлөрү менен чектелген шаар бөлүнүндө суу болбойт.
Суу “Аэропорт” суу алгычында жана шаардагы түтүктөрду оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
“Бишкексууканал ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом