Казакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылдыСадыр Жапаров Жогорку Кеңеште: жиктелүү коркунучу, УКМКдан келген «кураторлор» жана ипотекаКыргызстан мунайды жана мунай продуктуларын ЕАЭБден тышкары чыгарууга тыюу салуу эрежелерин өзгөрттүБишкектеги «Буффет» ашканасында массалык уулануу болдуКыргызстандан канаттуулардын этин экспорттоо эки эсеге өстү: негизги сатып алуучулар — ЕАЭБ өлкөлөрү
Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Даректери
17.10.2025 | 15:39

2025-жылдын 23-октябрында саат 9:00дөн 22:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Суу берүү төмөнкү жайларга токтотулат:
- турак үйлөргө;
- мектептерге;
- бала бакчаларга;
- саламаттык сактоо мекемелерине;
- социалдык жана өндүрүш багытындагы башка объекттерге.
Өчүрүү аймагы: Анкара көчөсү – ЧЧЧК – Аламүдүн суусу – темир жол тилкеси – Октябрь көчөсү менен чектешкен аймак.
Мындай чаралар «ХБО» суутоптомосунда жүрүп жаткан реконструкциялоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы жарандардан жана уюмдардан жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом