Бишкектин бир бөлүгүндө 27-майда суу өчүрүлөт (карта)

26.05.2025 | 17:27

27-майда Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө өрт өчүрүү үчүн зарыл болгон объектилерди туташтыруу иштерине байланыштуу суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Суу саат 10:00дөн 22:00гө чейин Ахунбаев – Тыналиев – Курчатов – Минжилкиев көчөлөрү чектешкен аймакта өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарды алдын ала ичүүчү суу менен камсызданып алууга чакырды.

Scroll to Top