Бишкектин бир бөлүгүндө 3-апрелде суу токтотулат

Бишкектин бир бөлүгүндө 3-апрелде суу токтотулат

3-апрелде Бишкек шаарынын бир нече конуштарында жана көчөлөрүндө саат 10:00 -24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.

Ичүүчү суу Л.Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Боронбай, Көпүрө-Базар, Ахунбаев, Чортеков, Муромский, Циалковский, Т. Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрү менен чектелген аймакта, ошондой эле «Рабочий Городок», «Институт Землиделия», «Ак-Өргө», «Ак-Ордо» жана «Тенир-Тоо» конуштарында өчүрүлөт.

Кошумча маалымат: Суу «Ак-Ордо» жана «Тенир-Тоо» конуштарынын Ахунбаев көчөсүнөн түндүк тарабында өчөт.

Ичүүчү суу түтүктөрүн оңдоого байланыштуу өчүрүлөт. «Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарга ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын эскертти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>