Бишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулат
Бишкектин мэри Азиз Суракматов кызматына кайтып келди – видео
08.10.2020 | 12:20
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматка кайтып келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Интернетке жарыяланган видеодо, ал кызматка кайтып келгенин ырастап, шаарда тартипти орнотууга даяр экенин айткан.
“Азыр шаарда абал оор болуп, COVID көбөйүп жатат. Жылуулукту да бериш керек. Морадерлук күч алды. Мына ушунун бардыгын азыр вице-мэрлер менен чогулуш өткөрүп, шаарда тартипти орнотобуз”, – деди Суракматов.
Азыркы тапта Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын алдында 200гө жакын адам чогулуп турат. Алар Азиз Суракматовдун кызматын улантышын талап кылышууда.
Белгилей кетсек, 7-октябрда Азиз Суракматов шаар бийлигин убактылуу жетектөөнү расмий түрдө Бишкек мэриясынын вице-мэри Алмаз Бакетаевге өткөрүп берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом