Кыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери сүйлөшүүлөрдү өткөрдүКыргызстан Иранга гумжардам жөнөтөт: 129 тонна азык-түлүк жана дары-дармекБишкекте 1,2 млн долларга Улуттук вакцина кампасы курулат: долбоордун чоо-жайыБалыкчы шаарынын кире беришине жаңы арка курулуудаЭВФ Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам дүйнөлүк экономика үчүн тобокелдиктер тууралуу эскертти«Bulgari» зергер үйүнүн чеберлери 50 кыргызстандыкты зер буюмдарынын дизайнына окутат
Бишкектин мэриясы 52 троллейбусту электр автобус кылып жасап чыгат
13.01.2025 | 12:18
Бишкекте 52 троллейбус электр автобус болуп кайра жасалат. Бул тууралуу шаар мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Ал борбор калаадагы троллейбустардын бир бөлүгү Ош шаарына берилгенин, Бишкекте 52 троллейбус калганын айтты.
“Ал троллейбустар 2017-жылы чыккан. Аларды кайра электр автобус кылып жасоого ылайыктуу экен. Аларга батарейкалар орнотулат”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом