19-январга карата аба ырайыКызды өлтүрүүгө аракет кылган. Бишкекте 22 жаштагы шектүү кармалды17 магнит жутуп алган. Ошто 2 жашар балага операция жасалдыБишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалдыСи Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары жана Өзбекстандагы жаңы борбор: Кытай «Бир алкак — бир жол» демилгесин күчөтүүнү көздөйтКыргызстан менен Түркия медицина тармагында кызматташууну бекемдейт
Бишкектин соода борборлорунда Акыйкатчынын юристтери бекер кеңеш беришет
27.05.2024 | 19:00
Бишкек шаарынын соода борборлорунда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 28-майдан 1-июнга чейин юридикалык консультацияларды беришет. Бул тууралуу укук коргоо мекемесинен билдирди.
Акция Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган.
Институттун кызматкерлери жарандардын суроолоруна жооп берүүгө, ошондой эле адам укуктарынын бузулушуна жана калыбына келтирилишине байланыштуу зарыл юридикалык консультацияларды берүүгө даяр.
Белгилей кетсек, консультациялар төмөнкү график боюнча саат 10:00дөн 18:00гө чейин өтөт:
28-май – «Бишкек Парк», М1 кабат.
29-май – Asia Mall, 3-кабат.
30-майда — «Бета Сторес-2», 1-кабат.
31-май – “Аю Гранд”, 1-кабат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом